БАСЫП АЛУУ Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Башка бирөөнүн жерин ээлеп алуу, күч менен каратып алуу, экинчи бир элди багындырып алуу, оккупациялап алуу. Душман биздин жерлерибизди басып алууну көздөп отурат (Сыдыкбеков).
БАСЫП АЛУУЧУ Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Бирөөнүн жерин, башка элди күч менен каратып алуучу, баскынчы, оккупант. Басып алуучуларга каршы күрөшкө аттануу.